Blog Image

Химия илимдеринин кандидаты Эльмира Мурзабекова “Импульстук плазманын энергиясы менен алынган наноструктуралардын өзгөчөлүктөрү” аталышында конок-лекция өттү

17-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасында “Табият таануу” жумалыгынын алкагында КР УИА химия жана фитотехнологиялар институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, химия илимдеринин кандидаты Эльмира Мурзабекова “Импульстук плазманын энергиясы менен алынган наноструктуралардын өзгөчөлүктөрү” аталышында конок-лекция өттү. Конок-лекцияга КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышты. Лекциянын жүрүшүндө нанобөлүкчөлөрдүн алынышы, касиеттери, изилдөө методдору жана алардын колдонулушу тууралуу маалымат берилди.