Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти Батима Жакышова ачык-лекция өттү
28-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун, Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти Батима Жакышова студенттерге “Химияны окутуунун инновациялык технологиялары”, жана «Химия сабагында сынчыл ой жүгүртүүнүн айрым стратегияларын колдоно билүү» деген темада ачык лекция өттү. Лекциянын жүрүшүндө Батима Жакышова химия сабагында айрым стратегияларды пайдалануу аркылуу сабактын пландарын иштеп чыгууну ишке ашырып, келечектеги химия мугалими окуучуларды окутуп, тарбиялоого өзүнүн педагогикалык устаттыгын жана ишмердүүлүгүн колдонуу менен окуучуларга предметтик компетенттүүлүктү калыптандырууда сынчыл ой жүгүртүүнүн стратегияларын эске алуусу шарт экендигин баса белгиледи. Ачык лекцияга Табигый илимдер жана туризм институтунун профессордук окутуучулары катышты.