Blog Image

«И.Арабаев – алгачкы агартуучу» аттуу эл аралык илимий-практикалык семинар

2022-11-09

Аталган семинарга Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору  Айгүл Абдраева, М.Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун директору Гульдана Акиева, ошондой эле Улуттук илимдер академиясынан, Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынан жана ММК өкүлдөрү катышышты.

Семинардын жүрүшүндө пленардык баяндамалар жасалды. Ошондой эле, агартуучунун ишмердигине арналган “Тарыхый элес” сүрөт көргөзмөсү орун алды.

Ал эми, облустардагы  жана чет өлкөдөгү (Казакстан, Түркия) окуу жайлардын өкүлдөрү семинарга онлайн форматта катышышты.

Илимий иш чара И.Арабаевдин 140 жылдыгынын алкагында университеттин , М.Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институту тарабынан уюштурулду.