Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУга Сауд Араб Падышалыгынын КРдагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради келди 

Бүгүн, 26-декабрда, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Сауд Араб Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради келди.
Сыйлуу конокту И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, биринчи проректор Талантбек Курманбек уулу, Теология бөлүмүнүн башчысы Нурбек Шамралиев тосуп алышты.
18-декабрь – Эл аралык араб тили күнүнө карата университетте сүрөт көргөзмөсү уюштурулган.