Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ Аль Мустафа атындагы Иран Эл аралык университети менен кызматташат

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Иран Ислам Республикасынын Аль Мустафа атындагы Эл аралык университетинин Борбордук Азия боюнча өкүлү, профессор Али Пурман менен жолугушту. 
Анда эки тараптуу кызматташуу тууралуу сөз болуп, Аль Мустафа атындагы Эл аралык университети менен И.Арабаев атындагы КМУнун Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунун ортосундагы студенттердин мобилдүүлүгү, жалпы окутуучулар курамынын эки өлкө ортосундагы тажрыйба алмашуусу, институттун негизинде «Фарси тили жана маданияты» борборун ачуу, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу боюнча сунуштар талкууланды. 
Аталган жолугушуу Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунун директору Нуржан Сартбекова жана Курамдар аралык чет тилдер кафедрасынын башчысы Айчүрөк Мырзалымбекованын жүргүзгөн иш-аракеттеринин негизинде болду.