Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ Алматы гуманитардык-экономикалык университети менен кызматташат

И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек  Курманбек уулу Алматы гуманитардык-экономикалык университетинин өкүлдөрү менен жолугушту.  Жолугушууда алдыдагы эки тараптуу кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана академиялык мобилдүүлүк боюнча сөз болду. Ага Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы жана университеттин курамдарынын жетекчилери катышты.

Ал эми Алматы гуманитардык-экономикалык университетинен Марина Чокина Экономика, тейлөө жана укук кафедрасынын башчысы, Педагогика, табият таануу жана дене тарбия кафедрасынын башчысы Гулзат Майшинова, Эл аралык билим берүү программалары жана илимий-маданий байланыштар департаментинин директорунун орун басары Регина Овсянникова жана университеттин окутуучулары катышты.