Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ “Бир жарандан бир дарак” акциясын уюштурду

И.Арабаев атындагы КМУнун жалпы жамааты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн негизинде “Бир жарандан бир дарак” масштабдуу акциясын өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы Ботаникалык багынан бөлүнүп берилген жер тилкесине тазалоо иштерин жүргүзүп, көчөттөрдү отургузушту. Бул акция айлана-чөйрөдөгү экологиялык абалды жакшыртып гана тим болбостон, Ботаникалык бактын кооздугун арттырат.

Акциянын максаты бак-дарактарды отургузуу менен студенттерди жаратылышты коргоого жана айлана-чөйрөгө аң-сезимдүү, камкор мамиле кылууга үйрөтүү болуп саналат. Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, проректорлор, жетекчилер жана студенттер катышты.