Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ дүйнөлүк деңгээлдеги өнөктөштөр менен иштешүүнү улантат

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Япониядан делегация келди.

Жолугушууга КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчисинин атайын кеңешчиси Тарутоко Синдзи, Япониянын Яидзу шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Ёцухаши Мичинори, Япониянын бизнес, билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана Японтаануу институтунун профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин «Ардактуу профессору» наамы көрүнүктүү коомдук ишмер, Япониянын мурдагы ички иштер министри жана Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчисинин атайын кеңешчиси Тарутоко Синдзи мырзага ыйгарылды. Бул сыймыктуу наам Тарутоко Синдзи мырзага И.Арабаев атындагы КМУнун Япония менен болгон көп жылдык кызматташтыгынын алкагында эки тараптуу билим берүү жана маданий алакаларды чыңдоого кошкон зор салымы үчүн ыйгарылып, КМУнун Япония багытындагы программаларын өнүктүрүүдө Тарутоко мырзанын активдүү колдоосу жана демилгелери жогору бааланганын билдирет.

Ошондой эле, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз уюмунун Ардак грамотасы менен Япониянын Яидзу шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Ёцухаши Мичинори мырза Япония менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн сыйланды.

Ёцухаши Мичинори мырза Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы маданий, билим берүү жана экономикалык алакаларды чыңдоого чоң салым кошкон белгилүү ишмер. Ал көп жылдар бою И. Арабаев атындагы КМУ менен активдүү кызматташып, кыргыз студенттери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардамын берип келет.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап эл аралык байланыштар жана Япония мамлекети менен достук мамилелер мындан ары да үзүрлүү улана берет деген ишеним билдиришти. Аталган иш-чара Кыргыз-Япон мамилелерин тереңдетүүдө маанилүү кадам болуп, университетибиздин эл аралык аброюн дагы жогорулатат.

Иш-чара КМУнун Японтаану институту тарабынан уюштурулду.

Позвонить