Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ Гуанчжоу шаарынан абитуриенттерди кабыл алат 

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарынын Мамлекеттик билим берүү мекемесинин жетекчиси Веня Хуанг менен жолугушту.  
Анда эки тараптуу кызматташуу туралуу сөз болуп, тил үйрөнүү багытында бир катар сунуштар айтылды. Ага ылайык, кытайлык абитуриенттер КМУнун Эл аралык билим берүү программалар институтунан кыргыз, орус жана англис  тилдерин үйрөнүп, андан соң, бакалавр, магистратурага тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.