Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ Гуанчжоу шаарынын Мамлекеттик билим берүү мекемеси менен кызматташат

Бүгүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарынын Мамлекеттик билим берүү мекемесинин жетекчиси Веня Хуанг менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту. 
Ага ылайык, ушул жылдан баштап кытайлык абитуриенттер КМУнун Эл аралык билим берүү программалар институтунан кыргыз, орус жана англис тилдерин үйрөнүп, андан соң, бакалавр, магистратура, аспирантура жана PhD докторантурага тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле келишимдин негизинде КМУнун студенттери жана окутуучулары дагы Кытай Эл Республикасында билимин өркүндөтуугө мүмкүнчүлүк алышат.