Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ И.Кант атындагы БФУ менен биргеликте орус тили жана адабияты программасын ишке киргизет

Үстүбүздөгү жылдын 20-23-мартында жумушчу сапарынын алкагында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илим, эл аралык байланыш жана инновациялар боюнча проректору Айсулу Бейшенова И. Кант атындагы Балтика федералдык университетинде (Калининград, Россия) болду.
Иш сапардын алкагында илимий жана академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жолугушуу болду. Тараптар И. Арабаев атындагы КМУнун базасында И. Кант атындагы БФУнун өкүлчүлүгүн ачуу маселесин талкуулап, «Орус тили жана адабияты» 2+2 форматындагы кош дипломдук программасын ишке киргизүүнү чечти.
Айсулу Бейшенова «Фабрика» илимий-технологиялык паркында болуп, анда инженердик, биомедицина, физика жана материалтаануу борборлорунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Белгилей кетсек, эки университеттин ортосунда академиялык мобилдүүлүк программасы активдүү өнүгүп жатат. Ошентип, учурда И. Кант атындагы БФУнун базасында И.Арабаев атындагы КМУнун эки студенти кол коюлган кызматташуу келишиминин алкагында семестрдик окуусун өтүп жатат, анда академиялык алмашуу программаларын өнүктүрүү, И. Кант атындагы БФУнун өкүлчүлүгүн ачуу жана билим берүү долбоорлорун биргелешип ишке ашыруу каралган.