Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУ Индиянын Шарда университети менен кызматташат

2023-жылдын 15-мартында Индия мамлекетиндеги Шарда университетинде "Социалдык илимдерде калктын саламаттыгын сактоону контексттештирүү: глобалдык жана улуттук перспективалар" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Ага И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы менен Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунун директору, профессор Сартбекова Нуржан Коодоевна катышышты.

Шарда университетинин ректору, профессор Вивек Кумар Гупта, проректор Сибарам Хара жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы жолугушуп, эл аралык байланыштарды өнүктүрүү максатында эки университеттин ортосунда ар тараптуу билим берүү, илим, маданий-гуманитардык, мобилдүүлүк жана спорт багытында кызматташтык келишим түзүү боюнча макулдашуу болду.

 И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети уюштуруп жаткан үстүбүздөгү жылдын 22-23-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтө турган эл аралык форумга профессор Вивек Кумар Гупта келип катышарын билдирип, Индиянын маданий борборун ачуу тууралуу сунуштарын айтты.