Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУ Казакстандын Мирас университети менен кызматташат

Бүгүн И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Казакстандын Мирас университетинин өкүлдөрү Динара Бауржанова жана Мөлдир Сулейменовалар академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында келишти. 
Жолугушууда билим берүү, илим жана маданият тармагында эки университет ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраевага ыраазычылык каты тапшырылды.
Эки университет ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Мирас университетинин 9 магистранты И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунда онлайн форматта билим алышат. Аталган окуу программасы жыл сайын өткөрүлүп келет.