Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУ Кореянын Медициналык туризмди өнүктүрүү ассоциациясы менен кызматташат

Бүгүн, университеттин Илим, эл аралык мамилер жана инновациялар боюнча проректору Бейшенова Айсулу Тилековна, Кыргызстанга иш сапары менен келген Кореядагы Медициналык туризмди өнүктүрүү ассоциациясынын төрагасы Жун-хо Жунг жана анын орун басары Ли Сук Хуанг менен жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги, маданий-гуманитардык тармагындагы байланыштар тууралуу кенен сөз болду.

Ассоциациянын төрагасы биздин окуу жайдын мыкты окуган студенттерин моралдык жана материалдык жактан колдоого даяр экендигин билдирип, аларга 1 жолку стипендия төлөп берерин айтты. Корея Республикасынын өкүлдөрү “эң жакшы” окуган 3 студенттин 100%, 50% жана 30% окуу акыларын төлөп берүү маселесин колго алышты.

Андан тышкары аталган ассоциациянын Кыргызстанга болгон август айындагы иш сапарынын алкагында И.Арабаев атындагы КМУнун профессордук-окутуучулар курамын, студенттерин медициналык кароодон акысыз өткөрүп жана университетте окуган ден-соолугуна байланыштуу дарыланууга муктаж студенттерге Кореяда дарыланууга шарт түзүүлөөрү тууралу айтылды.

Жолугушууга окуу жайдын Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Борубаева Аниса Бираевна, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Дюшембиева Айгүл Осмоновна, Тил даярдыгы жана котормо кафедрасынын башчысы Эргешбаева Нуриса Абдысеитовна жана окутуучу Ким Док Юн катышты.