Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУ Кытайдын Шэньян талант инновация федерациясы менен кызматташат

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Кытайдын Шэньян талант инновация федерациясынын директору Гуан Шифен менен эки тараптуу келишимге кол коюшту.

Бул келишимдин негизги максаты билим берүү жана илим тармагында магистратура жана PhD программалары боюнча кызматташуу. Келишимге ылайык, Кытай тараптын компаниясы Кыргыз мамлекеттик университетине методологиялык жана техникалык колдоо көрсөтүп, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана алдыңкы тажрыйбаны алмашууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан тышкары, бул келишим кытайлык жана кыргызстандык студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн жакшыртууну, биргелешкен семинарларды, конференцияларды жана тренингдерди өткөрүүнү көздөйт.

Бул кызматташтык КМУнун кытайлык өнөктөштөр менен билим берүү жаатындагы мамилелерин тереңдетүүгө жакшы өбөлгө түзмөкчү.