Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУ  М.К. Аммосов атындагы Түштүк-Чыгыш Федералдык университети менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

И. Арабаев атындагы КМУ  М.К Аммосов атындагы Түштүк-Чыгыш Федералдык университети менен онлайн сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда алдыда эки тараптуу кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана академиялык мобилдүүлүк боюнча сөз болду. Онлайн жолугушууга КМУ тарабынан Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы, Журналистика бөлүмүнүн башчысы Элвира Сатыбекова, Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Мирлан Дылдаев, Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова Орус филологиясы факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева, Дене тарбия факультетинин деканы Каныбек Сарымсаков катышты. Ал эми Түштүк-Чыгыш Федералдык университетинен Стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору Василий Саввинов жана курам жетекчилери катышты.