Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ менен Аль-Мустафа Иран эл аралык университетинин ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Иран Ислам Республикасынын Аль Мустафа атындагы Эл аралык университетинин Борбордук Азия боюнча өкүлү, профессор Али Пурман менен биргеликте эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту. 
Ага ылайык окуу жайдын Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунда «Фарси тили жана маданияты» борбору ачылат.