Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ менен Алтай мамлекеттик педагогикалык университети ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду

20-сентябрда онлайн-конференцияда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Алтай мамлекеттик педагогикалык университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.
Тараптар университеттер ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты.
Келишимге И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Айгүл Төлөковна Абдраева жана Алтай мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ирина Рудольфовна Лазаренко кол коюшту.
Конференцияга Алтай мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан өнүктүрүү жана эл аралык иштер боюнча проректору Евгений Кайгородов, тарбия иштери боюнча проректору Михаил Тяпкин, Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун директору Полина Маркина, Эл аралык билим берүү борборунун директору Марина Небольсина, Психология жана педагогика институтунун директору Ольга Холодкова катышышты. Кыргыз тараптан докторантура, PhD жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессордун м.а. Айгүл Чалданбаева жана эл аралык бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы катышты.