Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ менен Анкара социалдык билимдер университети ортосунда эл аралык кызматташуу меморандумуна кол коюлду

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Анкара социалдык билимдер университетинин ректору Муса Казым Арыжан менен жолугушту. Жолугушууга КМУнун Теология факультетинин деканы Нурбек Шамралиев жана Теология факультетинин доценти Самаган Мырзыибраимов катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Анкара социалдык билимдер университети ортосунда эл аралык кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Келишимге ылайык, эки университет илимий, академиялык, билим берүү, тажрыйба алмашуу, орток изилдөө долбоорлорун жүргүзүү, дисттанттык билим берүү, магистр жана PhD доктордук программалар боюнча кош илимий жетекчилик, академиялык мобилдүүлүк, эл аралык конференциялар жана семинарлар сыяктуу багыттар боюнча кызматташат.