Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ менен “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлдү 

25-ноябрда И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова   “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин директору Болотбек Абдрахманов  менен эки тараптуу кызматташуу жѳнүндѳ меморандум түзүштү. 
Меморандум түзүүнүн максаты тараптардын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жана узак мөөнөттүү, натыйжалуу, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. 
Бул Меморандумдун алкагында эки тарапка тең пайдалуу болгон биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнү, илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, форумдарды студенттик иш чараларды (экскурсия), практикаларды, семинар-тренингдерди биргелешип уюштурууну макулдашышты.
Өз кезегинде профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти  Чолпон Койчуманова меморандум түзүү менен эки тараптын кызматташтыгын арттырып, институттун жамааты студенттер менен бирге Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн ата-бабалар, Ч.Айтматов, Апрель баатырлары, Баткенди коргоп шейит кеткен азаматтар жаткан Ата-Бейитке жыл сайын таазим кылып, иш чараларды өткөрүп, колдоп турууну көздөгөнүн белгиледи. 
Ал эми Болот Абдрахманов университет, анын ичинен Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтут менен расмий кызматташуу өзгөчө жаңылык экендигин, институттун студенттери, окутуучулары ушул комплексте иштеп, анын өнүгүүсүнө салым кошуп жатканын баса белгилеп айтты. 
Меморандумдун алкагында студенттерге атайын баяндамалар жүргүзүлүп, Ата-Бейитти толук кыдырып чыгышты.