Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ менен Фукая Эл аралык чет тилдер академиясынын кызматташтыгы

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Фукая Эл аралык чет тилдер академиясынын жетекчилиги – негиздөөчүсү Кадзухиро Фуджимура жана директору Харуэ Митабе менен жолугушту. Тараптар эки университеттин ийгиликтүү өз ара аракеттенүүсү, жогорку кесипкөй кадрларды даярдоо жана тарбиялоо Япония менен Кыргызстандын келечеги үчүн жүргүзүлүп жатканын белгилешти.

Белгилей кетсек, учурда И.Арабаев атындагы КМУнун алты студенти атайын стипендиялык программанын аркасында Эл аралык чет тилдер академиясында бекер билим алууда. Академиянын директору Харуэ Митабе И.Арабаев атындагы КМУнун студенттеринин жөндөмдүүлүктөрүн белгилеп, эки университеттин ортосундагы ушундай эле жемиштүү жана ийгиликтүү кызматташуу мындан ары да улана берерине ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгына токтолуп, тараптар конструктивдүү диалог үчүн бири-бирине ыраазычылык билдирип, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева университетте чет тилдерди үйрөнүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.