Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ менен Конрад Аденауэр фонду эки тараптуу меморандумга кол коюшту

Бүгүн, 29-август күну, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Конрад Аденауэр фондунун Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү Андре Альгермиссен менен жолугушту.

Жолугушууга Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин директору Чолпон Койчуманова катышты.

Жолугушууда Андре Альгермиссен мырза Конрад Аденауэр фондунун ишмердиги, илимий изилдөө жана билим берүү тармагы боюнча биргелешкен иш-чараларды, конференцияларды өткөрүү боюнча эки тараптуу меморандумга кол коюуга кызыкдар экендигин билдирди. Ошондой эле, И.Арабаев атындагы КМУнун студенттерин ар тараптуу колдоого алаарын кошумчалады.

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Конрад Аденауэр фондунун өкүлдөрүнө эки тараптуу меморандумга кол коюу тууралуу ниеттерине ыраазычылыгын билдирип, бул меморандум фонд менен университеттин ортосундагы байланышты бышыктап, мындан ары да өнүктүрүүгө жол ачаарын белгиледи. Ошондой эле, университет фонд менен биргелешкен илимий изилдөө иштерин, илимий жана билим берүүгө арналган иш-чараларды, конференцияларды, конкурстарды өткөрүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушууда И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Конрад Аденауэр фондунун Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү Андре Альгермиссен менен расмий түрдө эки тараптуу меморандумга кол коюшту.