Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУ менен Конжу университети кызматташат

25-июль күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Конжу университетинин делегациясы келди. Жолугушууга КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Окуу башкармалыгынын башчысы Равшан Зайниев, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы, Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева жана Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын башчысы Замира Жапарова, ошондой эле, КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев катышты.

Түштүк Корея тараптан Конжу университетинин ректору Им Кёнг Хо, Эл аралык кызматташтык департаментинин башчысы Джаг Чханг Ги, Конжу университетинин Педагогика институтунун атайын билим берүү факультетинин профессору Квак Сынг Чхоль, Башкаруу бөлүмүнүн башчысы Ким Ён Сок жана Эл аралык алмашуу бөлүмүнүн кызматкери Хан Ёсэб катышты. Жолугушуунун алкагында “Кыргызстандагы атайын жана инклюзивдик билим берүү боюнча эксперттерди даярдоо программасы” талкууланды. Ошондой эле, Конжу университетинин ректору Им Кёнг Хо мырзага КМУнун “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Андан сырткары, студенттер тарабынан даярдалган маданий программа тартууланды. Андан соң, экскурсия уюштурулуп, КМУнун музейи көрсөтүлдү.