Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ менен Кореядагы Кёнвун университети ортосунда меморандумга кол коюлду

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Кореянын Гуми шаарынын Кёнвун университетинин ректору Ким Донг Джэ менен биргеликте академиялык мобилдүүлүк жана эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Ага ылайык, КМУнун алдыңкы 4 студенттине Кёнвун университетинен бекер билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Белгилей кетсек, ректор Айгүл Абдраева, аталган өлкөнүн ректорунун чакыруусу менен “Билим берүүнүн келечеги: өндүрүштө жана өкмөттө билим берүүнүн окшоштуктары жана бири бирин толуктоо” аттуу эл аралык форумуна катышууга барган.