Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУ менен КРдагы БУУнун Аялдар түзүмү ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду

Бүгүн “Медиадагы гендердик оптика 2.0.” аттуу регионалдык форум өттү. Форумга Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Рахат Рай кызы, Журналистика бөлүмүнүн жана Медиа борбордун өкүлдөрү, Нарын, Чүй жана Ош облустарынан медиа-уюмдардын 80ден ашык өкүлү , анын ичинде медиа жетекчилиги, журналисттер, редакторлор, гендердик жана медиа-эксперттер, республиканын жогорку окуу жайларынын профессорлору жана окутуучулары катышты.

“Медиадагы гендердик оптика 2.0.” аттуу регионалдык форумунда Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу менен Кыргыз Республикасындагы БУУнун Аялдар түзүмүнүн өкүлү Улзийсурэн Жамсран эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.

Панелдик сессияда КМУнун Журналистика бөлүмүнүн башчысы Эльвира Сатыбекова доклад окуду. Соңунда катышуучулар жүргүзүлгөн ишти жыйынтыктоо, жыйынтыктарды талкуулоо жана гендердик сезимтал журналистика менен медианы алдыга жылдыруу жаатында тажрыйба алмашышты.