И.Арабаев атындагы КМУ менен КубМУнун ортосунда бир катар келишимге кол коюлду
2022-09-23
23-сентябрда И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Кубан мамлекеттик университетинин жетекчилиги И.В. Раюшкина жана И.В. Шевченко менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар эки университеттин көп тараптуу кызматташуусун талкуулашты.
Ошондой эле, профессордук-окутуучулар курамынын тажрыйба алмашуусу, студенттер арасында окуу курстар жана стажировкаларды уюштуруу багытында сөз болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында И.Арабаев атындагы КМУ менен КубМУнун ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.