Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда 6-8-июль күндөрү "Чыгыш чеберлери” эл аралык симпозиуму өтөт

И.Арабаев атындагы КМУнун "Костюмдун технологиясы жана көркөм чеберчилиги, текстиль" кафедрасы тарабынан уюштурулуп, у.ж. 6-7-8-июль күндөрү технология жана көркөм өнөр мугалимдери, колдонмо-жасалга өнөрүнүн чеберлери жана кесипкөй сүрөтчүлөр арасында "Чыгыш чеберлери” аталышында эл аралык симпозиум өтөт.

Симпозиумдун максаты: иштеп жаткан педагогдордун чыгармачылыгына дем берүү, билим берүү чөйрөсүндө жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн технология, көркөм өнөр мугалимдери менен тажрыйба алмашуу, ошондой эле технология жана көркөм сүрөт предметтеринин кадыр-баркын жогорулатуу.

Ошону менен бирге, аталган эл аралык симпозиумдун алдына койгон төмөнкү милдеттери болуп: кафедранын багыттары боюнча ар кайсы өлкөлөрдүн билим берүү мекемелеринин кызматташтыгына дем берүү; билим берүү системасында билим берүү жана окутуунун жаңы технологиялары менен тажрыйба алмашуу; ЖОЖдор менен мектептердин ортосундагы кызматташтыкты көздөйт.