Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ менен М.К. Аммосов атындагы ТЧФУ ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду

26-майда И.Арабаев атындагы КМУнун ректору А.Т. Абдраева менен М.К. Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин ректору А.Н. Николаев on-line форматта жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ЖОЖдор аралык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин талкуулап, эки университеттин ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Жолугушууга эл аралык кызматташтык боюнча проректору Н.Р. Максимов, Азия-Тынч океан регионунун өлкөлөрү менен бөлүмүнүн башчысы А.Ю. Лебедева, М.К.Аммосов атындагы ТЧФУнун КРдагы өкүлү Д.У.Сапалова, илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректор А.Т.Бейшенова, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси А.Б. Бөрүбаева катышты.