Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ менен М.К.Аммосов атындагы ТЧФУ ортосунда кызматташуу боюнча кошумча келишимине кол коюлду

И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу М.К. Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин Эл аралык кызматташтык боюнча проректору Нюргун Максимов менен жолугушту. Жолугушууда тараптар ЖОЖдор аралык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин талкуулап, эки университеттин ортосунда кызматташуу боюнча кошумча келишимге кол коюшту. Жолугушууга М.К. Аммосов атындагы ТЧФУнун КРдагы өкүлү Д.У.Сапалова, Тарых факультетинин деканы Наталья Стручкова, Журналистика кафедрасынын башчысы Олег Сидоров, Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу жана адаптациялоо бөлүмүнүн башчысы Саргылана Спиридонова келишти. Ал эми КМУнун Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Рахат Рай кызы, Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова, Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова, Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Мирлан Дылдаев, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев Орус филология факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева, Журналистика бөлүмүнүн башчысы Элвира Сатыбекова катышты.