Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ менен НМТУнун окуу иштери боюнча проректорлорунун жолугушуусу өттү

4-апрелде И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу Новосибирск мамлекеттик техникалык университетинин (НМТУ) окуу иштери боюнча проректору Сергей Чернов жана НМТУнун ЖОЖго чейинки билим берүү жана кадрларды кабыл алууну уюштуруу башкармалыгынын начальниги Дарья Боровиковалар менен жолугушту. Жолугушууга И.Арабаев атындагы КМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы, ЖМТИнин директорунун орун басары Кадырбек Ачекеев, ФМФ деканы Гүлзат Токонбекова жана маалыматтык технологиялар борборунун жетекчиси Элзарбек Эшаровдор катышты.

Жолугушуунун максаты – эки университеттин ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулоо болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун келечегин жана билим берүү жана илимий изилдөө чөйрөсүндөгү маанилүү маселелерди талкуулашты. Тараптар университеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жана билим берүү программаларын өнүктүрүүгө багытталган кызматташуу келишимине кол коюшту.