И.Арабаев атындагы КМУнун жана ОшМУнун структура жетекчилери тажрыйба алмашууда
2022-09-27
Бүгүн, 27-сентябрда И. Арабаев атындагы КМУнун Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Садыкбек кызы Жайна, Билим берүү программаларынын сапатына мониторинг жүргүзүү, аккредитациялоо жана лицензиялоо борборунун башчысы Айгүл Чалданбаева, Маалыматтык технологиялар жана компьютерлерди техникалык тейлөө бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Мокешов жана кызматкери Санжар Конуров тажрыйба алмашуу максатында ОшМУга барды.
Аталган университеттердин структура жетекчилери жогорку окуу жайлардын жаштар саясаты чөйрөсүндө ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча, билим берүү программаларынын сапатына мониторинг жүргүзүү, эл аралык рейтингдерге катышуу жана билим берүү процессинин бардык түзүмдөрүнө санариптештирүүнү киргизүү боюнча маалымат алмашып жатышат.
Бул эки тараптуу кызматташуу И. Арабаев атындагы КМУ менен ОшМУнун ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында ишке ашууда.