И.Арабаев атындагы КМУ менен Ш.Рашидов атындагы СМУ ортосунда илим, инновация жана академиялык мобилдүүлүк жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду
8-сентябрда Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинде Азия университеттеринин ассоциациясынын мүчөлөрүнүн координациялык жыйыны болуп өттү. Жолугушууга ар кайсы өлкөлөрдөн келген 20 өнөктөш университеттин ректорлору жана проректорлору, анын ичинде Алтай мамлекеттик университети, А.Кадыров атындагы Чечен мамлекеттик университети, Уфа илим жана технология университети, Л.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети ж.б. катышты.
Аталган салтанаттуу иш-чаранын ачылышында Өзбек Республикасынын Жогорку билим берүү, илим жана инновация министринин орун басары Комилжон Каримов жана Ш.Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинин ректору Рустам Халмурадов куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору Айсулу Бейшенова окуу жайдын презентациясын жасап, Ассоциациянын ар кайсы тармактарынын иши боюнча бир катар сунуштарды айтты.
Координациялык жолугушуунун алкагында Ш.Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университети менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ортосунда илим, инновация жана профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгү менен университеттин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Ошондой эле, Ассоциациянын мүчөлөрү менен бир катар жолугушуулар болуп, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган биргелешкен иш-чаралар боюнча сүйлөшүүлөр болду.