Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУ менен Социалдык технологиялар агенттигинин ортосунда келишимге кол коюлду

22-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Социалдык технологиялар агенттигинин ( СТА) директору Зульфия Кочорбаева жолугушту.
Жолугушууда СТАнын жетекчиси 29 жылдан бери агенттиктин бир катар эл аралык уюмдар менен биргеликте коомду демократиялаштыруу, аялдардын жана балдардын укуктары, миграция, этностор  аралык  чыр-чатактар, майыптар менен иш алып баруу жана экология жаатындагы  долбоорлорду  ишке ашырып жүргөнү тууралуу маалымдады. СТА өз ишмердүүлүгүндө мамлекеттик органдар, жарандык коом уюмдары менен конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү түзүүгө жана теңчилик саясатын илгерилетүүгө кызыкдар болгон бардык топтор менен уюмдардын ортосундагы координацияга көмөктөшүүгө умтулат. «INKOOM – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомду түзүүгө  жардам  берүү» долбоору боюнча сунуш жактырылып, КМУнун ректору жана СТАнын директору келишимге кол коюшту.
Долбоордун негизги иш-чаралары:
Окуу-методикалык комплекстерге (ОКК) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү аркылуу “Журналистика” адистиги боюнча билим алып жаткан студенттерди даярдоо программасына гендердик сезимтал журналистиканын стандарттарын киргизүү боюнча демилгелерди биргелешип ишке ашыруу алкагында кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат.
«Журналистика» адистиги боюнча билим алып жаткан студенттердин окуу программасына гендердик сезимтал журналистиканын стандарттарын киргизүү боюнча демилгелерди ишке ашыруунун алкагында университет менен коомдук бирикменин натыйжалуу кызматташуусун координациялоо, окуу-методикалык материалдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, билим берүү стандарттарды жана окуу пландарын гендерлик сезимтал журналистиканын талаптары менен иштеп чыгуу жана стереотиптерден алыс,  эркин  мамилени жайылтуу.
Жолугушууга Окуу-инспекция бөлүмүнүн башчысы Шарапат Искендерова, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Журналистика бөлүмүнүн башчысы Эльвира Сатыбекова, окутуучулар Елена Нооганова, Айымкуль Мамаева жана Назира Бердигуловалар катышты.