Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ менен Түштүк Кореянын Санмён университетинин кызматташтыгы

4-июлда И.Арабаев атындагы КМУ менен Түштүк Кореянын Санмён университетинин ортосундагы келишимдин негизинде корей тили боюнча “Жайкы мектептин” ачылыш аземи болуп өттү. 
Иш-чараны И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева ачып берди.
ТЫНЧ ОКЕАН АЗИЯ КООМУнун (PAS) колдоосу менен Санмён университетинен 2 профессор, 20 студент жана Тынч океан Азия коомунун (PAS) директорунун орун басары Ян Юн Ца КМУга расмий иш сапары менен келишти.
И.Арабаев атындагы КМУда корей тили боюнча “Жайкы мектеп” 2023-жылдын 4-17-июль кундөрү (2 жума) өтөт. 
Жайкы мектептин максаты – кыргыз-корей студенттеринин ортосундагы тажрыйба алмашуу байланышын чыңдоо менен, корей маданиятынын баалуулуктары жөнүндө толук маалымат берип жана аларды кргыз маданияты менен салыштырып, өзгөчөлүктөрүн баса белгилөө.
Санмён университетинин профессорлору корей тилин үйрөнүп жаткан студенттерге сабак өтүшөт. Мындан тышкары Кыргыз Республикасы жана Корея Республикасынын ортосундагы билим тармагындагы байланышты чыңдоо жана эки мамлекеттин маданиятын даңазалоо максатында ар кандай тематикадагы оюн-зоок программалары уюштурулат. 

“Жайкы мектеп” ачылышына И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Курманбек уулу Талантбек, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Садыкбек кызы Жайна, PASтын директорунун орун басары Ян Юн Ца, Санмён университетинин профессору Пак Мин Ук, И.Арабаев атындагы КМУнун Тил даярдыгы жана котормо кафедрасынын башчысы Нуриса Эргешбаева, окутуучулар Ким Док Юн, Пак Мин Сан жана КМУнун корей тилинин окутуучулары жана студенттери катышты.