Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ менен таанышууга Талас облусунун орто мектептеринин окуучулары келишти

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен таанышып, кеңири маалымат алуу үчүн Талас районунун Байсейит уулу Эшмамбет атындагы жана Атай Огомбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектептеринин 8-11-класстарынын окуучуулары келишти.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуу иштери боюнча проректор Талантбек Курманбек уулу окуучулар менен жолугуп, КМУ жөнүндө кеңири маалымат берип, ийгиликтерди каалады.