Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ менен таанышууга Чүй облусунун орто мектептеринин окуучулары келишти

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен таанышып, кеңири маалымат алуу үчүн Сокулук районунун Муса Жангазиев атындагы № 4 жана №2 Васильевка жалпы билим берүү орто мектептеринин 8-10-класстарынын окуучу кыздары келишти.

Окуучулардын билим деңгээлин жакшыртуу максатында университеттин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин 3-курсунун студенттери интеллектуалдык оюн уюштурган. Анда окуучулар 4 тайпага бөлүнүп, түрдүү предметтерди камтыган суроолорго жооп беришти.

Андан соң окуу жайдын музейи менен таанышып, И.Арабаев тууралуу кыска метраждуу тасманы көрүштү. Ошондой эле медиа борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, келечекте журналистика факультетине тапшырууну каалаган окуучуларга кеңири маалыматтар берилди.