Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ өнөктөштөр менен биргеликте "Мектептер - 2030" глобалдык программасынын улуттук форумун өткөрүүдө

6-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, И.Арабаев атындагы КМУ жана Ага Хан Фонду биргеликте «Мектептер-2030» программасынын улуттук форумун өткөрүүдө.

Улуттук форумдун ишинде И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева ЖОЖдордо билим берүү системасын модернизациялоонун алкагында университет эмне кылып жаткандыгы, 12 жылдык билим берүү, жаңы милдеттер, университет мугалимдерди даярдоодо кандай кадамдарды жасап жаткандыгы тууралуу баяндаоосу интерактивдүү презентация менен коштолду.

Иш-чара максаттуу мектептердин мугалимдеринин ортосунда тажрыйба, инновациялар жана ыкмалар менен алмашуу, ошондой эле программанын биринчи баскычынын жыйынтыктарын талкуулоо үчүн аянтча түзүүдө. Форумдагы талкулоо аянтчасынын жүрүшүндө И.Арабаев атындагы КМУнун профессордук-окутуучулар курамы катышуу менен бирге талкуулоолорду, панелдик сессияларды жана мастер-класстарды өткөрүүдө.

Форумдун катышуучулары Кыргызстандагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган инновациялык окутуу ыкмаларын киргизүү жана билим берүү процессинде климаттын өзгөрүүсү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу маселелерин талкуулоодо.

"Мектептер - 2030" – бул он өлкөдөгү 1000 билим берүү уюм менен иштеген глобалдык программа. Программа коомдун өнүгүүсүн колдогон балдардын билимин жана көндүмдөрүн калыптандыруудагы мыкты практикаларды жана чечимдерди аныктоого жана жайылтууга көмөктөшөт.