Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду менен биргеликте “Жайлоодогу балдарды өнүктүрүү борборлору” долбоорунунун алкагында жолугушуу өттү

29-май күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен биргеликте “Жайлоодогу балдарды өнүктүрүү борборлору” долбоорунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо жана 2024-жылдагы ишмердүүлүктү баштоо боюнча иш-чара уюштурду.

Иш-чаранын жүрүшүндө И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун 2014-жылдан тартып жай мезгилинде алыскы тоолуу аймактарда жайыттарга көчүп барган үй-бүлөлөрдүн мектепке чейинки курагында балдары үчүн "Жайлоодогу балдарды өнүктүрүү борборлору" демилгесин ишке ашырып келе жаткандыгын белгилеп, биздин университет ар тараптуу колдоо көрсөтүп келээрин билдирди.

Иш-чарага Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарынан педагогдор, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Райондук билим берүү бөлүмдөрү, Жайлоо өнүгүү борборлорунун өнөктөштөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында 2023-жылы ийгиликтуу иш алып барган жана конкурстарда алдыңкы орунду ээлеген борборлорго сыйлыктар жана белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду "Жайлоодогу балдарды өнүктүрүү борборлору" аталышында жыл сайын өлкөнүн алыскы бийик тоолуу региондорундагы 3000ден ашуун балага, жай айларынын ичинде, ар кыл билим берүү жана тарбия иш-чараларын, анын ичинде сабаттуулук программаларын жана жашоо көндүмдөрүнө окутууну И.Арабаев атындаты Кыргыз мамлекеттик университети менен тыгыз байланышта ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.