Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ П.Ф. Лесгафт атындагы УМУ менен кызматташат

25-апрелде Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Дене тарбия факультетинин деканынын милдетин аткаруучу Каныбек Сарымсаков Санкт-Петербург шаарындагы П.Ф. Лесгафт атындагы  дене-тарбия, спорт жана ден соолук Улуттук мамлекеттик университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Юрий Макаров менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун жол-жоболору, келечектүү багыттары талкууланып, университеттер ортосунда келишим түзүүгө багытталган сүйлөшүүлөр жүрдү. Анын алкагында П.Ф. Лесгафт университетинин Анатомия кафедрасынын музейи менен таанышуу болду.

Тараптар биргелешип аткарылган иштерге канааттангандыгын жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын улана берээрине ишенимдерин билдиришти.