Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ Түштүк Кореядагы Шинхан университети менен кызматташат

Ишеналы Арабаев атындагы КМУга Түштүк Кореядагы Шинхан университетинин делегациясы келди. Аларды окуу жайдын ректору кабыл алып, кыргыз-кореялык экология, энергетика багытындагы лаборатория ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анын алкагында эки тараптуу кызматташуу меморандумуна окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева менен Шинхан университетинин Өнөр жай жана академиялык изилдөөлөр фондунун директору Ким Джонг Кю кол коюшту. Жыйынтыгында делегация тобу окуу жай менен таанышып чыгышты.