Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ Япониядагы Вакаяма университети менен кызматташат

Бүгүн И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраеванын Вакаяма университетинин ректору Ито Чихиро менен расмий жолугушуусу болуп өттү. Ректорлор кыргыз-япон илимий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты. Ректорлор студенттердин, окутуучулардын жана илимпоздордун академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүүнүн келечегин, биргелешкен илимий конференцияларды уюштурууну жана эки өлкөнүн тилин жана маданиятын тереңдетип үйрөнүүнү талкуулашты. Япония тарабы И.Арабаев атындагы КМУнун студенттерине тил үйрөнүү жана Япониянын маданияты менен таанышуу боюнча эки жумалык курстарды сунуштады. Жолугушуунун соңунда ректорлор Вакаяма университети менен Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюшту.