Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ Япониядагы "Иватани Гакуэн" билим берүү мекемеси менен кызматташат

Ишеналы Арабаев атындагы КМУга Япониядагы "Иватани Гакуэн" билим берүү мекемесинин делегациясы келди. Алар, "Иватани Гакуэн" билим берүү мекемесинин башчысы Ивая Дайсуке, "Хигаси Хоккайдо" япон мектебинин директору Хатсуо Орикаса, "Иватани Гакуэн" эл аралык департаментинин менеджери Кёко Акияма. Келген делегация тобун окуу жайдын ректору кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анын алкагында эки тараптуу кызматташуу меморандумуна Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева менен "Иватани Гакуэн" билим берүү мекемесинин башчысы Ивая Дайсуке кол коюшту.