Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ Ыйван искусство университети менен кызматташат

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Төлөковна Абдраева Түштүк Кореядан келген Ыйван искусство университетинин өкүлдөрү эл аралык алмашуу жана билим берүү институтунун кызматкери, профессор Ким Жин Хо, университеттин кеңешчиси Хи Чун Ли, университеттин менеджери Симг Санг Янг, Сежонг институтунун директору Сонг Донгвеонду кабыл алды.
Тараптар университеттер аралык кызматташуу маселелерин карап, академиялык мобилдүүлүк боюнча студенттерди алмашуу шарттарын талкуулашты жана И.Арабаев атындагы КМУ менен Ыйван искусство университетинин ортосундагы келишимге кол коюшту.