И.Арабаев атындагы КМУ жана Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ ортосунда эки тараптуу меморандумуна кол коюлду
Бүгүн, 9-декабрь күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев жана Эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Эльвира Сатыбекова Б.Бейшеналиева атындагы КММИУда өткөн “Көркөм публицистиканын массалык маалымат каражаттарындагы ээлеген орду” аталышындагы илимий-практикалык конференцияга катышты.
Анда, Эльвира Сатыбекованын «Көркөм образ менен журналистиканын синтези үчүн көркөм маданият жана медиа чөйрө» жана белгилүү журналист Алмаз Касымалиевдин «Учурдагы телеберүүлөрдүн абалы, келечеги» аталышында баяндамалары катышуучулар тарабынан кызуу талкуу жаратты.
Аталган иш-чарага ЖОЖдордун журналистика факультеттеринин декандары, мамлекеттик жана жеке телеканалдардын директорлору катышты.
Конференциянын катышуучулары учурдагы журналистиканын муктаждыктарын, окуу жайлар менен телеканалдардын байланышы, компетенттүү кадрларды даярдоо ж.б. маселелерди талкуулады.
Иш-чаранын жыйынтыгында окуу жайлар жана телеканалдар ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол коюлду.