Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ жана “Бирге ден соолук” коомдук фонду ортосунда кызматташуу  Меморандумуна кол коюлду

2023-жылдын 15-сентябрында И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева “Бирге ден соолук” коомдук фондунун жетекчиси Айнура Суванкулованы кабыл алды.

Жолугушуунун жыйынтыгында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана “Бирге ден соолук” коомдук фонду ортосунда кызматташуу Меморандумуна кол коюлду.

Ага ылайык, И. Арабаев атындагы КМУнун М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун алдындагы инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрынан 24-сентябрына чейин «Кыргыз Республикасындагы чоңдорго билим берүү жумалыгы» алкагында ар кыл деңгээлде чоңдорго билим берүүнү жана окутууну илгерилетүү багытында иш-чаралар ѳткѳрүлөт.