Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУ жана “Инновациялык технологиялар жана билим берүү борбору” коомдук фонду ортосунда Меморандум түзүлдү

6-сентябрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева “Инновациялык технологиялар жана билим берүү борбору” коомдук фондунун директору жана негиздөөчүсү Улан Айдаровду кабыл алды. Бул жолугуунун жыйынтыгында И. Арабаев атындагы КМУ жана “Инновациялык технологиялар жана билим берүү борбору” коомдук фонду ортосунда Меморандум түзүлдү.

Келишимге КМУнун ректору жана коомдук фонддун директору тарабынан кол коюлду. Келишимдин негизинде ү.ж. 21-сентябрында биргеликте илимий-практикалык конференция өтөт.