Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ жана JIGIO университетинин ортосунда академиялык алмашуу келишимине кол коюлду

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева менен JIGIO университетинин ректору Саутоме Масайоши академиялык алмашуу келишимине кол койду. Ага И.Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров, JIGIO университетинин Окуу иштери боюнча проректору Эйко Томияма, Бизнести илгерилетүү департаментинин Эл аралык алмашуу менеджери Итару Кондожана Эл аралык алмашуу боюнча адиси Харуна Ватанабе катышты. Келишимде эки жогорку окуу жайдын ортосундагы кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү, студенттерди окууга жөнөтүү, окутуучулардын алмашуусу, ошондой эле, биргеликте илимий изилдөө иштерин жүргүзүү каралган. JIGYO университетинин өкүлдөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин өкүлдөрүн май айында Япония өлкөсүнө келип кетүүнү суранды.