Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ жана Кытайдын Шэньси эл аралык университети кызматташат

6-июль күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Кытай Эл Республикасынын Шэньси эл аралык университетинен кызматташуу максатында чоң делегация келди.

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева сыйлуу конокторду тосуп алды. Жолугушуу учурунда Искусство жана дизайн факультетинин сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү. Кытайдан келген делегациянын назарына кытай тилинде жазылган илимий эмгектердин көргөзмөсү сунушталды.

Иш-чаранын алкагында университеттин тарыхы жана учурдагы ишмердүүлүгүн камтыган музейдеги экспозициялар менен кеңири тааныштыруу болду.

Чет элдик коноктор үчүн Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Конфуций классында экскурсия болду.

Жолугушуунун соңунда И.Арабаев атындагы КМУ жана Кытай Эл Республикасынын Шэньси эл аралык университети ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумуна кол коюлду.

Меморандумга кол коюу аземинде И.Арабаев атындагы КМУ тарабынан ректор Айгул Абдраева, окуу иштери боюнча проректор Курманбек уулу Талантбек жана Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректор Садыкбек кызы Жайна ал эми Кытай Эл Республикасынын Шэньси эл аралык университети тарабынан Шэньси эл аралык университетинин директору, директорлор кеңешинин төрагасы, Шэньси шаардык соода палатасынын вице-президенти Чжао Чао, Шэньси эл аралык университетинин академиялык комитетинин төрагасынын орун басары, Кытайдын Жогорку билим берүү ассоциациясынын Илим жана технология кызматынын Эксперттик башкаруу комитетинин директорунун орун басары Дин Дэкэ, Changtao билим берүү технологиялары боюнча инвестициялык компаниясынын башкы директору Чжан Юцзе, Шэньси эл аралык университетинин илимий комитетинин эксперти Ван Сюелан, Шэньси эл аралык университетинин деканынын жардамчысы Ван Веньбо, Шэньси эл аралык университетинин Фармацевтика илимдери мектебинин деканы Ван Фейцзюань, Шэньси эл аралык университетинин PhD доктору Ван Вэньцяо катышышты.