И.Арабаев атындагы КМУ жана Тажик мамлекеттик укук, бизнес жана саясат университети ортосунда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Тажик мамлекеттик укук, бизнес жана саясат университетинин ректору Хошимзода Хомид Хасан менен Борбордук Азия университеттеринин ректорлорунун III форумунун алкагында жолугушту.
Анда, 2 ЖОЖдун ректорлору университеттер ортосундагы кызматташтык жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Меморандумда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган билим берүү тармагында өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташууну жана алмашуу программаларын өнүктүрүү каралган.