Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУ жогорку окуу жайларынын ортосунда академиялык мобилдүүлүк боюнча кызматташат

Бүгүн, 27-мартта Билим берүү жана илим министрлиги “Кыргыз Республикасындагы жогорку кесиптик билим берүү трансформациялоо жолунда” аталышындагы жогорку кесиптик билим берүү системасына биргелешкен сереп өтүүдө. Анын алкагында И.Арабаев атындагы КМУ жогорку окуу жайларынын ортосунда академиялык мобилдүүлүктү уюштуруу боюнча Меморандумуна кол койду. 

Аталган алмашуу программасы башталганга чейин студенттер бакалавр, магистратура же адистик деңгээлинде бир жылдык күндүзгү окуу курсун бүтүрүшү керек. Бул Меморандумдун алкагында алмашууга катышкан бардык студенттер өзүнүн негизги окуу жайларында жакшы көрсөткүчкө ээ болушу керек жана кабыл алуучу тарапта окуу үчүн жетиштүү деңгээлде чет тилин билиши керек.

Тараптар тарабынан окутуу программасына кабыл алынган студентке карата Тараптардын бардык милдеттенмелери ушул Меморандумдун колдонулушунун токтотулганына карабастан окуу мөөнөтү аяктаганга чейин сакталат.

Ошондой эле, өтүп жаткан жыйында ЖОЖдордун ректорлору “Кыргыз Республикасында жогорку медициналык билим берүүнү өнүктүрүү: тренддер жана көйгөйлөр”, “Кыргыз Республикасында инженердик билим берүүнү өнүктүрүү, ЖОЖду өнүктүрүүнүн мыкты моделдери жана практикасы”, “Жогорку кесиптик билим берүү системасын жакшыртуу боюнча сунуштар” ж.б. темаларда баяндамалары жасалды.